Кыргызстандык ардагерлер Москвадагы "Жеңүүчүлөр кечесине" барышат
Новость www.

POST1RIGHT

Кыргызстандык тогуз ардагер Москвадагы "Жеңүүчүлөр кечесине" барат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди. 

Иш-чара 2-декабрда Улуу Ата-Мекендик согуштун борбордук музейинде болот. Ага Россия, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ардагерлери чогулат. "Жеңүүчүлөр кечеси" — бул Советтер Союзунун баатырларынын, катардагы жоокерлер менен генералдардын, фронт менен оорукта жеңиш үчүн жан үрөгөн ардагерлердин Кызыл аянтта жолугушуусу.