POST1RIGHT
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы аркылуу жарандарга 3 миңден ашык кызмат көрсөтүлдү. Калкты тейлөөнүн 18 түрү ишке ашырылууда. Өкмөт жакын арада мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн аталган порталга кошууну максат кылып жатат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы “Таза Коом” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Убакытты үнөмдөп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алыска барбай эле пайдалануу үчүн жарандын биометрикалык паспорту, компьютер жана ID карттагы маалыматты окуй турган ридер керек.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы - бул калкты тейлөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы. Андан жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта ала алышат. portal.tazakoom.kg дареги 18 кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда. Алар паспорт, үй-бүлө жана балага, даректи каттоого, кыймылсыз мүлккө, ошондой эле транспортко байланыштуу тейлөөлөр болуп төрт топко бөлүнөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бирдиктүү порталы аркылуу ишке ашыруу жарандардын убакытын гана үнөмдөбөстөн, коррупциялык көрүнүштөргө да бөгөт коёт. Себеби жаран менен тиешелүү органдын кызматкеринин ортосундагы жолугушуунун ордуна интернет пайдаланылып, иш процесси онлайн аркылуу жүрөт. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекет тарабынан бекитилген баасы өзгөрбөйт.