Бишкекте селсаяктарга түнөк жай ачылды
Новость VIDEO/grap

POST1RIGHT

Борбор калаада селсаяктар үчүн дагы бир түнөк жай ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

 Жыл сайын 15-ноябрдан тарта Свердлов районунда селсаяктар үчүн Фере көчөсүндөгү №34 А дарегинде убактылуу түнөк жай иштейт. Учурда имараттын ичи оңдолуп, терезелерге айнектер салынган. Андан сырткары, электр зымдары тартылып, имараттын чатыры оңдолгон. Жерге линолеум салынып, 40 кишиге ылайыктуу керебет жана тапчандар орнотулду. Маалыматка ылайык, ушу тапта 20 киши түнөп жатат. 

Мэрия ошондой эле 50 кишиге жууркан-төшөк, шейшеп сатып алган. Түнөк жайда бир маал ысык тамак дагы берилет. Бул жердеги тартипти сактоо үчүн инспектор бекилитип, мэрия тарабынан жума сайын медициналык кароо уюштурулуп турат.