POST1RIGHT
Кесиптештеринин айтымында, Козукеев кант диабети менен жабыркап жүргөн. Маалым болгондой, ал жумуштан үйүнө кечинде келип, жуунуп чыгып эле эс-учун жоготкон. Тез жардам келгиче өтүп кеткен экен.
Козукеев быйыл 8-сентябрда 47 жашка чыккан. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, кыргыз-түрк “Манас” университетинде да окутуучулук кесипти аркалаган. Маркумдун сөөгү кичи мекени Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында жерге берилери айтылды.