POST1RIGHT
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда болжол менен саат 13:35 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында, "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү авто унаасы жолдон чыгып сууга түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, автоунааны суудан чыгарышкан. Автоунаанын ичинде 4 адамдын жансыз денеси табылган.
Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.
.