Сузакта жол кырсыктан 20 жаштагы жигит каза болду
Новость www

POST1RIGHT

Сузак районунда жол кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болду. 

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсык 14-декабрда саат 23:30дар чамасында Сузак — Жалал-Абад унаа жолунда катталган.

Анын кесепетинен 1997-жылы туулган А.Исламбек алган жарааттарынан улам райондук ооруканада каза болгон. Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.