Россия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун улантышы мүмкүн
Новость www

Россия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун улантышы мүмкүн. Бул туурасында кыргыз-орус аймактар аралык конференциясында айтылды. Эки өлкөнүн 500гө жакын өкүлдөрү катышкан жыйында кызматташтыктын башка багыттары да талкууланып, ЕАЭБдин аймагында ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. POST1RIGHT


Аймактар аралык кызматташтыкка эки өлкөнүн президенттери да өзгөчө маани берет. Жыйындын катышуучуларына мамлекет башчыларынын кайрылуулары окулду. Кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы алтынчы ирет уюштурулду. Борбордук деңгээлдеги гана эмес, облустардын түз байланыштарын бекемдөөгө эки өлкө тең кызыктар.

Кыргызстан менен Орусиянын соода алакасы ар жыл сайын артып жатат. Маселен былтыр январь-сентябрь айларында товар жүгүртүүнүн көлөмү 864 миллион доллар болсо, быйылкы тогуз айда 1 миллард 138 миллион долларга жетти. Анын 80 пайызы Орусиянын аймактары менен болгон байланыштын үзүрү. Облустардын кызматташтыгы ар багытта уланып жатат.