POST1RIGHT
Учурда бул өнүгүү жолун көрсөткөн узак мөөнөттүү документ коомчулуктун талкуусунда. Буга чейин жалпы багыт аныкталып, стратегиянын концепциясы кабыл алынган. Бул ирет анын социалдык багытына токтолобуз. Узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга бир катар эксперттер катышкан. Анда заманбап технологиялар, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр ишке ашып, саламаттык сактоодогу жана билим берүүдөгү жетишкендиктердин үзүрүн ар бир жаран сезиши керек деген ураан жатат.
Соңку жылдардагы жетишкендиктер катары саясий туруктуулуктун орногонун талдоочулар бир ооздон белгилешет. Бул өлкөнүн кийинки өнүгүүсүнө көпүрө болуп берди. Эми жаңы ийгиликтер изделип жатат. Социалдык өнүгүүнү көздөгөн максаттар калктын аяр катмары үчүн ыңгайлуу болот деген үмүт бар. Стратегияда, айрыкча андагы социалдык өнүгүүнү көрсөткөн багыттарында адам биринчи орунга коюлган. Тагыраак айтканда документте каралган баалуулуктардын бардыгы адамга кызмат кылып, бакубат жашоосун камсыздайт. Дүйнөдө ылдам өзгөрүүлөр байкалып жатат.
Кыргызстан да алардан артта калбай, суроо талаптардын нугунан чыкпашы керек. 15-ноябрда Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки убакытты камтыган улуттук стратегиясынын концепциясы кабыл алынган. Документти даярдоого бир катар адистер жигердүү катышты. Бирок аны толук иштелип чыкты дегенге болбойт. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен алгачкы күнү өткөргөн кеңешмесинде дал ушул маселеге кайрылганы бекеринен эмес. Мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерге бул ишти 15-февралга чейин бүтүрүүнү тапшырган эле. Бул убакытка чейин документ дагы бир топ талкууланат. Негизги багыт аныкталды. Эми маанилүү докмументти иштеп чыгуунун кийинки кадамдары жасалып жатат.