POST1RIGHT
"Манас" Эл аралык аба майданына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тепкичтерге атайын жабдуулар орнотулду. Алардын видеосу компаниянын Facebook баракчасына жарыяланды.
Мындай аракеттер майыптардын аэропорттун ичинде ээн-эркин жүрүүсү үчүн жасалууда. Атайын жабдуулар аэропорттун экинчи кабатынан үчүнчүгө көтөрүлүп-түшүү үчүн орнотулган.
Ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ар бири бир миң килограммга чейин жүк көтөрө алуучу эки лифт коюлду. Адистер билдиргендей, бардык жабдуулар эл аралык стандартка жооп берет.