Токтогул шаарына жарык берүүчү чырактар орнотулууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTТоктогул шаарынын 10 чакырым көчөсүнө түнкүсүн жарык берүүчү чырактар орнотулду. Заманбап үлгүдөгү жол чырактарына жалпы 10 миллион сом сарпталган. 

Бул каражат Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланган. Мындан сырткары түрткү берүүчү гранттын жардамы менен калаанын жөө адамдар басуучу көчөлөрү жарыктандырылган. 

Жаңы жылга чейин шаардык мэрия бюджеттин эсебинен калаанын дагы бир чоң көчөсүнө жарык орнотот.