“Манас” аэропортунун 3,5 миллионунчу жүргүнчүсү сыйланды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

“Манас” аэропортунун быйылкы 3 жарым миллионунчу жүргүнчүсү сыйланды. Аба майдандын жетекчилиги Астанага жол тарткан Бишкек шаарынын тургуну Мурза Жаныбековго атайын сертификат жана баалуу белектерди тапшырды. 

Соңку эки жылда жүргүнчүлөрдүн саны 3 миллионго жеткен эмес. Жаңы каттамдар ачылгандыктан аэропорт мурдагыдан көбүрөөк жарандарды тейлей баштады.