POST1RIGHT
Бишкектин жолдоруна бир суткада 60 тонна кум жана 7 тонна туз себилди. Баш калаанын ички каттамдарын таңкы саат төрттөн тарта 31 техника тазалады. Мындай маалыматты "Тазалык" ишканасынан билдирди.
Маалыматтарга караганда, кар тазалаган 19, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5, ар кыл 3 техника жана беш "Беларусь" трактору жолдогу карды тазалап, ташып чыккан.
Муну менен катар 516 кызматкер жолдун чекелерин, тротуарларды жана аялдамалардын карын күрөп, музун чагууда.