Өлкө аймагында жол коопсуздугу көзөмөлгө алынуудабы?
Новость www.

POST1RIGHT

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында унаа тыгындары жок жана өлкө аймагындагы бардык стратегиялык жолдор ачык. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык ал жактарга кум аралашкан туз себилген. Ошентсе да көйгөй жараткан кооптуу жагдай болуп жаткандыктан айдоочулар каршы тилкеге чыгып кетпей, абайлап айдашы керек.

Бул Чүйдүн Сокулук районунун борбору, кечки саат 19: 00. Мындагы абалды жергиликтүү такси кызматындагы айдоочулар телефонго тартып алышкан. Тумандын коюулугунан айланада эмне болуп жатканы так көрүнбөйт. Маалыматтарга караганда башка облустарда туман катталган эмес.

“Манас” аэропортунун аймагындагы коюу тумандан улам эки эл аралык каттам 2-январга жылды. Бул тууралуу аталган аэропорттун диспетчердик бөлүмү билдирди. Кечке жуук ички жана тышкы каттамдын баары жарым саатка кармалган.
Үрүмчүдөн Бишкекке келип кайра Үрүмчүгө кете турган учак эми 2-январда гана асманга көтөрүлмөй болду. Азыр туман тарап, “Манас” аэропорту кадимки тартипте иштеп жатат.