POST1RIGHT
Ош базарынын айланасында жайгашкан "Мир сладости" аттуу таттуу саткан дүкөндө кардарлар таттуулардын арасында чуркап жүргөн келемиштерди видеого тартып алган. Андан таттуулардын үстүндө жүргөн келемиштерди көрүүгө болот. Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан таттуу саткан жайга кабарчыбыз Айжан Омолдошова барып, окуянын чоо-жайын билип келди. Бишкек шаарындагы Павлов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Мир сладости” деп аталган таттууларды сатчу жай. Бул аймак Ош базарына жакын жайгашкандыктан ары-бери өткөндөрдүн аягы үзүлбөйт. Видеодон көрүнүп тургандай, татууларды келешмиштер ээн-жайкын эле аралап жүрөт.
Жүздөгөн адамдар азыктанган жайда катталган мындай көрүнүшкө тийиштүү кызматтар чара көрө элек. Экономика министрлиги адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген жагдайда эч кандай уруксаты жок эле текшерүүгө алышы керек деп маалымадаганына карабай, санэпидем кызматы биз текшерүүгө акыбыз жок деген жообун айтышты. Биздин чыгармачыл топ барган кезде шириндиктерди сатуучу жай кадимки эле тартипте иштеп жатканы менен, камераны көрүшкөндөн кийин сатуучуларын ордуларынан таппай калдык. Ал эми өзүн бул жайда 3 айдан бери иштейм деп тааныштырган Баатыр аттуу бала, бул аймакта келемиштер көп болгондуктан, өзү иштеген жайдын күнөөсү жок деп эсептейт. Түрк шириндиктерин келемиштер аралап жүргөн жагдай Кыргызстанда биринчи ирет катталып жаткан жок.
Былтыр март айында Ош шаарындагы Масалиев көчөсү менен Монуев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Смит Сарайы» аталыштагы түрк шириндиктерин жасаган кондитердик фирманын азыктарын келемиштер аралап жүргөн учур социалдык тармактарды дүң кылган. Албетте биздин чыгармачыл топ бул жайдын ичине кирип тартууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок таттуу саткан жайдагы Баатырдын маалыматында, бул жайда түрдүү таттуу токочтор сатылып эле тим болбостон, дал ушул жайдын ичинен жасалып чыгарылат. Ал эми алардын канчалык деңгээлде талапка жооп берип, таза жана сапатуу чыгарылышына ким кепилдик бериши керек, келээрки көрсөтүүлөрүбүздөн баяндап турабыз.