Кыргыз жаңгагын дүйнө элдери тааный баштады
Новость www

POST1RIGHT

Бул жемиштин тарыхый мекени катары - Арсланбап токоюу таанымал. Грек жаңгагынын дарагы - Жалал-Абаддын Сузак, Ноокен райондорунда, Оштун Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун тоолуу аймактарында өсөт. Экологиялык жактан таза бул азыкка чет элдиктердин суроо-талабы жыл санап өсүп келет.

Бир караганга баары окшош көрүнгөн менен, бул жаңгактардын мекени ар башка. Кыргыз жаңгагын 15 жылдан бери, жаңгак бизнеси менен алектенген Назира Муминжанова жазбай тааныйт. Дал ушул экологиялык жактан тазалык- чет өлкөлүктөрдүн кыргыз жаңгагына болгон суроо-талабын арттырып келет. Алсак, өткөн жылы сырткы экспорттун көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 10 эсеге өскөн. Жаңгак бышкан мезгилден, ноябрь айына чейинки убакта эле 300 тоннага чейин жаңгак экспорттолгон. 

Негизги туруктуу кардарлар: Корея, Кытай жана Америка Кошмо Штаттарынан келген жарандар болгон. Бай жана таза жаратылышы бар түштүк аймактарында, грек жаңгагынан сырткары, мисте, алма түрлөрү, алмурут жана башка мөмө берүүчү дарактардын дээрлик баары өсөт. Экологиялык шарт ыңгайлуу болгону менен, буларды сатууда чечиле элек көйгөйлөр бар. Ош облусунда азыркы тапта, 5900 гектар жаңгак токою бар. Оштогу жаңгактын мекени делген Кара-Кулжа менен Өзгөн районунан жылына 600 тоннага чейин жаңгак жыйналат.