Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун абалы боюнча комиссия түзүлөт
Новость www.

POST1RIGHT

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун абалы боюнча комиссия түзүлөт. 

Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун абалы начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары аталган трассанын 439-479-чакырымдарында жолдун ортосунан жарака кеткенин жазышкан. Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду. 

Эске сала кетсек, транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун бул тилкесин реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген. 

2012-2013-жылкы кыш мезгилинен соң жаңы асфальт төшөлгөн тилкеде кеңдиги 2-3 сантиметрге жеткен жаракалар пайда болгон.