Жанар Туратова "Асман" шоусунун жеңүүчүсү аталды
Новость facebook/janar_turatova

КТРК студиясында эң масштабдуу долбоор "Асман" шоусунун финалдык бөлүгү болуп өттү.

Финалда үч финалисттин ичинен Жанар Туратова көрүүчүлөрдүн көпчүлүк добушуна ээ болуп, Asylbashev Creative продюсердик борбору менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын утуп алды.

Жанар Туратова азыркы убакта Кыргыз музыкалык училищесинин студенти.

Финалда Айзана Усупбаева, Адилет Жумашев жана Жанар Туратова жарышка түшүшкөн.