Голливуд жылдызы Жессика Честейн испаниялык телеканалдардын биринде алып баруучу менен болгон мелдеште 2 мүнөт убакытка көзүн ирмебей турду.
Видеодо анын көздөрүнөн жаш агып кеткенин байкоого да болот. Бирок ага карабай таймашты уланткан актрисанын мындай өжөрлүгү социалдык тармактын колдонуучуларын таӊ калтырды.
"Көзүм талып, ооруп турат бирок эч ким мени жеӊе албагандай, көрсөтүүдө рекорд коюу үчүн эки мүнөткө чейин уланттым", - деген ал шоу-программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө.
Интернет колдонучуулар бул видеону көргөн соң Жессиканын рекордун жаӊылоого аракет кылышкан. Бирок айрымдары 24-28 секундда эле чыдабай, көздөрүн ирмеп жибергендерин жазышкан.