Премьер-министр Талас облусуна жумуш сапар менен барат
Новость www

POST1RIGHT

Премьер-министр Сапар Исаков 12-январда Талас облусуна жумушчу сапар менен барат. Өкмөт башчы сапарынын алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын ачылышына катышат. 

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.