Ала Тоо аянтындагы башкы балаты алынат
Новость www

POST1RIGHT

15-январда борбор калаадагы башкы балаты алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкы балатыдан сырткары бардык жаңы жылдык кооздуктар жыйналат.
Эске салсак, борбордук аянтты көрктөндүрүүгө 2 млн 800 миң сом каралган. 

Ал акчага жети балаты, үйдүн калыбындагы эки декоративдик конструкция, 12 торшер, «2018» деген диоддук жарыгы бар конструкция алынган. Ал эми башкы балатыны, Ала Тоо аянтын жана жалпы шаар көчөлөрүн кооздогонго 15 миллион сом сарпталган.