Будапештте эл аралык цирк фестивалы өттү
Новость euronews.com

Будапештте эл аралык цирк фестивалы өттү. Мында дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан келген абада калкыган акробаттар, гимнасттар, жонглёрлор жана клоундар өнөрүн тартуулашты. 

Шоунун өзгөчөлүгү жыйырмага жакын аттын катышуусунда даярдалган венгер акробатынын номери болду. 

Эки жыл катары менен калыстар тобун Юджин Чаплин - куудул Чарли Чаплиндин уулу - жетектеп келет. Анын айтымында, цирк - дагы деле искусствонун маанилүү түрү.

«Бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө ылайык келген оюн-зоок. Алсак, сыналгыны балдар же чоңдор, чоң ата-чоң апалар өз-өзүнчө көрүшөт. Ал эми циркке бүт үй-бүлө менен чоогу барса болот. Бул эзелтен келаткан европа салты»,-деди өз сөзүндө Юджин Чаплин.

Юджин Чаплин: "Жаңы өнөрпоздор пайда болгон сайын, цирк жашап келет," дейт. Ар бир номер көрүүчүнүн купулуна толгондой. Алардын арасынан украиналык жонглёр Станислав Высоцкийдин өнөрү баарын таң калтырды.

Быйыл фестиваль заманбап цирктин 250 жылдыгына арналды. 

Алгачкы цирк аренасы XVIII кылымдын аягында Англияда пайда болгон. Аны британиялык ишкер Филипп Астлей негиздеген. Башында оюн-зоокто ат акробатикасы көрсөтүлсө, кийин клоун, жонглёр жана үйрөтүлгөн жаныбарлардын номерлери кошулган. 

12-ирет уюштурулуп жаткан эл аралык цирк фестивалы 14-январда жыйынтыкталды. Ага 15 өлкөдөн келген 120дан ашык цирк артисттери катышты.