POST1RIGHT Мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ болот. Муну шарттаган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Документке ылайык, мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу деп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эскерте кетсек, бул Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.