"Евровидение-2009" сынагынын жеңүүчүсү Александр Рыбак ушул жылы Португалияда өтө турган "Евровидение-2018" сынагына катыша тургандыгын маалымат булактарына өзү билдирген.
Ырчы Португалияда өтө турган сынакта "Тhat’s How You Write А Song" ырын ырдайт. Буга чейин аталган ырдын клиби да жарык көргөн. Айта кетсек, Рыбак "Евровидение-2009" сынагына "Fairytale" ыры менен катышып, баш байгени жеңип алган.