POST1RIGHT
Кыргызстанда интернет колдонуучулар түштүк аймактарга караганда түндүктө көп. Мындай маалыматты M-Vector компаниясы чыгарды.
Бул изилдөөнүн негизинде чыгарылган. Бүткүл дүйнөлүк желеден Бишкек шаарында жашоочулардын 80 пайызы маалымат алып турат. Дегеле Кыргызстанда интернет колдонуучулардын жалпы көрсөткүчү 59 пайызды түзөт экен.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда мобилдик телефон - калкка интернетти жеткиликтүү кылган негизги күч экени да айтылат. Негизинен калктын 95 пайыздан ашыгы WhatsApp колдоноору дагы изилдөөнүн жыйынтыгында айтылган.