POST1RIGHT
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында жаңы көпүрө бүтүп, ишке кирди. Жаңы салынган чакан көпүрө элеттиктерди чоң көйгөйдөн арылтты.
Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылынын тургундары эми баягыдай кооптонуудан кутулушту. Балдары коркунучтуу көпүрөдөн арылып, жаңысы менен мектепке бара алышат. Бул иш аймакты өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамдардын бири дешет элеттиктер.