Быйыл 75-жолку "Алтын глобус" сыйлык тапшыруу аземинде башталган "кара көйнөкчөндөр" флешмобу уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилей кетсек, "Алтын глобус" сыйлык тапшыруу аземине жылдыздардын көбү өзүлөрүнүн зордук-зомбулуктарга каршы экендигин билдирип, кара түстөгү кийимдерди кийип келишкен.
Бүгүн, 19-январда ошол көйнөктөр менен смокингдер аукционго коюлду. Андан түшкөн каражаттын баары Голливуддагы зордук-зомбулукка каршы түзүлгөн Time’s Up фондуна которулат.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 34 кара түстөгү кийим сатыкка коюлду. Алар Мишель Уильямс, Алисия Викендер, Мерил Стрип, Риз Уизерспун жана башка белгилүүлөрдүн кийимдери.