Шаарда үй-жайсыз калгандар көбөйдү
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы рейд өткөрүп, шаардагы селсаяктарды жылуу жайга көчүрүштү. Көпчүлүгү мындай кызматтардан баш тартышат. 

Темир жолун бойлой үй-жайсыз адамдардын бир нечесин кезиктирсе болот. Мындагы ар бир адамдын тагдыры ар башка. Ошентсе да селсаяктардын баары кайсы бир убакта бактылуу үй-бүлөдө жашаган. 

Азыркы абалына ичкилик же башка себептер негиз болгон. Маалыматтарга караганда, 2015-жылы сегиз жүздөй селсаяк болсо, быйыл алардын саны миңден ашат.