Ноокат шаарындагы мечит өрттөнүп кетти
Новость www

POST1RIGHT

Ноокат шаарындагы Ош көчөсүндө жайгашкан мечит өрттөнүп кетти. ӨКМдин маалымат катчысы Авазбек Айтиевдин айтымында, кырсык 21-январга караган түнү саат 03:30дар чамасында болгон. 

Тилсиз жоо 03:50дөн тарта чектөөгө алынып, таңкы бештен 15 мүнөт өткөндө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен мечиттин 400 чарчы метри күйүп кетти. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.