Жерүй кенин иштеткен ишкана Талас шаары үчүн каражат бөлөт
Новость www

POST1RIGHT

Жерүй алтын кенин иштетүү укугун утуп алган ишканадан Талас облустук драма театрынын курулушуна берилбей келген 43 млн сом эми Талас шаарынын ички керектөөлөрүнө жумшала турган болууда. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын турак жай жана коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси Руслан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, мэрия тарабынан Талас облусун өнүктүрүү фондусуна 7 долбоор сунушталып, 13 млн 473 миң 146 сомдук биринчи долбоору жактырылды. Бул каражатка таштанды чыгаруучу заманбап 1 техника, жол жуучу 1 техника жана жолдорго кум себүүчү, кар тазалоочу, суу себүүчү 1 техника алынат. Бул техникалар боюнча буга чейин 2 жолу өткөрүлгөн тендер жараксыз деп табылып, үчүнчү жолкусу 2018-жылдын 12-январында жарыяланды. Анын жыйынтыгы ушул жылдын 5-февралында белгилүү болот.