Москвада жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны ооруканадан көз жумду
Новость www

Россияда автоунаа сүзүп кеткен 33 жаштагы Бекташ Рахманов кечээ, 25-январда ооруканада көз жумду. Ал Оштогу Кара-Суу районунун Кенжебек айылынын тургуну болчу.

Маркумдун туугандары денени айылына алып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж болуп жатканын айтууда.

Жол кырсык 11-январь күнү Москва шаарындагы көчөдө болгон. Жол тазалоочу болуп эмгектенип жүргөн Бекташ окуядан кийин комада жаткан эле.