Караколдо 2017-жылы катталган өрт кырсыктары 6 млн сомдук материалдык зыян алып келген
Новость www

POST1RIGHT

Каракол шаарында 2017-жылы өрт кырсыктарынын кесепетинен 6 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген, деп билдирди өрткө каршы кызматынын облустук башкармалыгы.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Каракол шаары боюнча 104 өрт кырсыгы катталган. ӨКМдин өрткө каршы кызматынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында эки адам куткарылып, 18 миллион сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Ал эми, 2016-жылы Каракол шаарында 104 өрт кырсыгы катталып, 6 млн чыгым келтирилген.