POST1RIGHT
Быйыл кар өлчөмдөн үч эсеге аз жаады. Айыл чарба жана мелорация министрлиги эмки жылдын түшүмүн божомолдоодон алыс. Министрликтин билдирүүсүндө, суу сактагычтарда дагы суу жетишсиздиги күтүлөт.
Бул боюнча маалымат Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтылды. Ызгаардуу суукка байланыштуу электр жарыгын керектөө жогорку чекке жеткендиги маалымдалган. Өкмөт учурда энергияны экспорттоону токтотуп, калкты мүмкүнчүлүккө жараша жарыкты үнөмдөөгө чакырууда.