Токмоктогу «Түнөк» жатак үйүндө 19 селсаяк баш калкалап жатат
Новость www

Токмок шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдарга атайын баш калкалай турган «Түнөк» жатак үйү иштеп жатат. Бул тууралуу аталган жайдын кызматкери Самарбүбү Аскарбекова билдирди.

Анын айтымында, жатак үйдө учурда 19 адам жашап жатат. Аларга күнүнө 2 маал ысык тамак берилет.

«Бул жерге үй-жайсыз же суук күндөрдө барар жери жок адамдар келип түнөшөт. Аларга түштө жана кечинде ысык тамак берилет. Ошондой эле, алар каалаган убакта чай ичсе болот. Учурда бул жерде 19 адам жашап жатат. Бир жумадан бери суукка байланыштуу 4 адам келди. Кээде өздөрү келишсе, айрым учурларда милиция кызматкерлери көчөдө үшүп калган адамдарды алып келишет. Ошондой эле, такси айдоочулары да ээрчитип келишет. Кайсы мезгил болбосун үй-жай жок адамдарды кабыл ала беребиз. Көп кишиге ылайыкталган эмес, бирок суукта бардыгын батырганга аракет кылабыз. Адамдар түндө келсе да туруп кабыл алабыз», - деди ал.

Ушул жылдын 28-январында Токмок шаарынын мэриясы жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан туруктуу жашаган жери жок адамдарга рейд жүрдү.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө туруктуу жашаган жери жок адамдар аталган жатак үйгө алынып келинди.