Баткен шаарында мектеп жана бала бакчалардын жылуулук системалары текшерилет
Новость www

Баткен шаарындагы билим берүү мекемелерине кыш мезгилинде жалпы 141 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда шаар мэри М.Рахимовдун аталган мекемелердин жетекчилери мнеен болгон жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда, шаарда 4 бала бакча, 8 мектеп бар. Алардын бардыгы кышкы карата толугу менен көмүр менен камсыз болгон.

Жыйында мекемелердеги жылуулук камсыздоо системасынын коопсуздугун текшерүү тапшырмасы берилди.