Ала-Арча суусунда тоңгон муздар тазаланууда
Новость www

POST1RIGHT

Күндүн жылышы менен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан улам кооптуу тилкелер тоңгон муздар менен карлардан тазаланууда. 

Бишкектин Скрябин жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча суусунан эки сутканын ичинде 90дон ашык жүк ташуучу унаага баткан кар чыгарылды. Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу багытындагы бул иштерди Өгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бишкек шаарынын “Жашылдандыруу” ишканасы биргеликте аткарууда.