Өкмөт жылуулук борборуна бөлүнгөн акча каражатын кайда жумшалганын териштирет
Новость KTRK/videograp

Өкмөт Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого кеткен 386 миллион доллардын кайда жумшалганын териштирет. POST1RIGHT

Ошондой эле, борбордо болгон авариянын чыныгы себептерин, анда коррупциялык көрүнүштөр бар деген маалыматтардын чын-төгүнүн жана жабдуулар боюнча маселелерди комиссия иликтейт. Бул тууралуу премьер-министр Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Сапар Исаков суук күндөрү жылуулук борборунда түзүлгөн абалга байланыштуу толугу менен жеке жоопкерчиликти мойнуна аларын билдирди. 

Өкмөт башчы мындай кырдаал насостук станцияга суунун келбей калганынан улам болгонун айтып, кышка даярдык боюнча өкмөт жыйындарды өткөргөнү менен жылуулук ишканалары алдын-ала эскертүүлөрдү бербегенин ырастады.