POST1RIGHT
Жыл башынан бери 270 ата-эне ымыркайына сүйүнчү алууга кагаздарын тапшырды. Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Өлкө боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалык иш алып барат. Алардын онго жакыны тизме бере элек. Андыктан сүйүнчү алууга катталгандардын тизмеси көбөйө турганын айтат министрлик.
Белгилей кетсек, сүйүнчү пул 15-февралдан баштап берилет. Азыр министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге төлөө жолун иштеп чыгууда. Бул мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Анын өлчөмү 4 миң сом. Акчаны алуу үчүн министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.