Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айылында болсо айымдар жашаган үйүндө көз жарууга туура келүүдө. Буга чөлкөмдө төрөт үйүнүн жоктугу себеп. Бул жерде көбүнчө Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар жашайт.
Аймактын көп улуттуу калкы социалдык көйгөйлөрүн өз алдынча чечип алууга бар аракетин көрүп келишет. Алар ар кандай долбоорлорду жазып, түрдүү эл аралык уюмдарга да жиберишкен. POST1RIGHT
Бурул Абдрахманова үч жыл мурда Тажикстандын Жерге-Тал айылынан көчүп келген. Ал айылдын аялдары айрым учурларда
үйдөн көз жарганга туура келет дейт. Себеби, райондун борборуна же Бишкекке чейинки аралык ондогон чакырымдарды түзөт.
Зуура Дастанбек кызы да ушул эле айылдын тургуну. Ал мугалим. Төрт баланын энеси. Өзгөндөн көчүп келген. Зуура жок дегенде аялдарга шарт түзүлсө дейт.
Камышановка айылындагы Совет мезгилинде курулган фельдшердик-акушердик пункттун азыркы абалына сын айтканга да болбойт.
Өткөн жылдын декабрь айында бул чөлкөмгө жаңы башчы шайланган. Осмонали Доронов социалдык маселелерди чечүү жолдорун издеп, каражат алып келүү үчүн бир канча долбоорлордун үстүнөн иштеп жаткандыктарын билдирди.