Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун биргелешип жазган "Аскада калган аңчынын ыйы" аттуу сырдашуу китеби 2001-жылы жарык көргөн. Бул идея Мухтар Шахановдуку болгондуктан, китеп адегенде казак тилинде жазылып, ириде казак тилинде жарык көргөн. Андан кийин орусчага которулган. Кыргыз тилине Кушубак Өмүралиев которгон.