Интернетте негизсиз сын пикир жазгандарга айып салынат
Новость ktrk.kg

POST1RIGHT

Интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салынат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды. Демилгени эл өкүлү Дастан Бекешев көтөрүүдө.

Маалыматта интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек", — деп жазылган. Талкуу соңунда мыйзам долбоору жактырылды.