Президенттин парламенттеги жаңы өкүлү болуп Курманбек Дыйканбаев дайындалды
Новость KTRK/videograp

Президенттин парламенттеги жаңы өкүлү болуп Курманбек Дыйканбаев дайындалды. 

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары  Мухамметкалый Абулгазиев тааныштырды. 

Дыйканбаевге байланыштуу жарлыкка президент 13-февралда кол койгон. Курманбек Дыйканбаев "Республика" фракциясынын депутаты болуп, парламенттин 5-чакырылышында иштеген. 

Ал эми буга чейин президенттин парламеттеги өкүлү болуп Молдакун Абдылдаев иштеп келген.