Күйүүчү май ташыган унаа “Чычкан” суусуна кулап, толугу менен күйүп кетти
Новость МЧС КР

POST1RIGHTБүгүн, күйүүчү май ташыган унаа “Чычкан” суусуна кулап толугу менен күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 11лерде Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында  "Рено" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп толугу менен күйүп кеткен. 


Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон. 
Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруу тобу тартылган.