Жаз келери менен баш калаа гүл менен көркөмдөлө баштайт. Ага даярдык кышы бою жүрөт.
Рысгүл Матмусаева гүл бакчада 8 жылдан бери иштейт. Андыктан ар бир гүлдүн сырын жакшы билип, кайсы маалда кандай мамиле кылуу керектигин күн мурунтан байкап турат. Жаздын келиши менен көз жоосун алган гүлдөр айлананы көрккө бөлөйт. Дал ошол гүлдөрдү өстүрүп даярдоочу чарбада учурда 1 миллиондон ашык көчөттөр даярдалууда. POST1RIGHT
Жалпысынан жазгы отургузууга 1 млн 400 миңден ашык бир жылдык гүлдөр эгилген. Ошондо борбордо бегоний, колеус, петунии жана башка гүлдүн 20га жакын түрүнөн гүлдүү килемдер төшөлөт.
“Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери ушул тапта жаңыдан гана топурактан көтөрүлгөн жалбырактарды отоп, тазалоо менен алектенүүдө. Эми бир-эки күндө булардын ар бирин бирден бөлүп атайын идиштерге отургузуу түйшүгү башталат.
Бул көчөттөрдүн баары буюрса апрель айынын аягы менен Бишкектин 5 гектарга жакын аянтына отургузулуп баштайт. Алгач майрамдык салтанаттар өтүүчү аянттарга андан соң эс алуу жайларга барып, шаардын ар тарабы гүлгө оронот.