POST1RIGHT
Узак оорудан кийин 67 жашында көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды.
Эсенгул Өмүралиевдин дүйнө салышы кыргыз коомчулугу үчун чоң жоготуу болду.
Бар эмгегин элине арнаган Эсенгул Өмүралиев 67 жашында дүйнө салды. Маркум узак убакыттан бери ооруп жүргөн. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги менен замандаштарынын арасында бийик сый-урматка татыган адам эле.
Эсенгул Өмүралиев достукту жогору баалаган инсан болгон. Анын кесиптештери маркумдун жогорку кесипкөйлүгүн, адамдык бийик сапатын белгилешет.
Өмүралиев Эсенгул Касымович 1950-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Тоң айылында туулган. Эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институттун энергетикалык бөлүмүн аяктаган соң Электромеханика илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери катары баштаган. Ысык-Көл электротехникалык заводдору өндүрүштүк бирикмесинин конструктордук бюросунун начальниги, башкы конструктору, башкы инженердин орун басары, башкы директордун орун басары болуп иштеген. Эсенгул Өмүралиев коомдук жана саясий ишмердүүлүктү жигердүү жүргүзгөн. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1991-1997-жылдары аткаруу бийлигинин органдарында бир катар жооптуу кызматтарды ээлеген, анын ичинде 2 жолу вице-премьер-министр, тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштеген.
Ошондой эле, Беларусь, Украина, Казакстан мамлекеттеринде Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, КМШнын Уставдык органдарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2005-2012-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору, Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Өкмөтүнүн парламенттеги туруктуу өкүлү болгон.
Эсенгул Өмүралиев көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар, анын ичинде “Даңк” медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Эсенгул Өмүралиев эгемендүү Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон. Анын өмүр жолу өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп кала берет. Эсенгул Өмүралиевдин үй-бүлөсүнө, анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.