Кыргызстандагы кездеме саткан соода түйүндөрү текшерилет
Новость www

POST1RIGHTКыргызстандагы кездеме саткан соода түйүндөрү текшерилет. Мындай маалыматты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди. 

Бул текшерүүгө Казакстанда Кыргызстандан даярдалып кирген, балдар кийимдеринен формальдегид табылды деген маалыматы себеп болду. 

Адистердин айтымында, ЕАЭБдин шартына ылайык, казак тарап кат жүзүндө кабар бериши керек болчу. Бирок мындай кат азырынча келе элек. 

Болгону Казакстандын массалык маалымат каражаттарында айтылууда. Кыргызстанда текстиль жана кийим-кечелердин сапатын текшерүүчү үч лаборатория бар. Былтыр ата мекендик тикмечилердин колунан чыккан кийим-кечелер ошол лабораторияларда текшерилген. Анын жыйынтыгында бул зат нормадан ашкан эмес.