Караколдо тогуз жаштагы кыз кар көчкү астында калды
Новость www

POST1RIGHT

Каракол шаарындагы эс алуу жайлардын биринен 4-5 чакырым алыстыкта кар көчкү түшүп, ата-энеси менен өз алдынча эс алып жүргөн тогуз жаштагы кызды басып калган. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 

Окуя 28-февралда болгон. Кыздын ата-энеси жана эс алуу жайдын куткаруучулары көчкү астынан өспүрүмдү алып чыккан. Бирок сактап калууга кеч болуп калган. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, эс алып жүргөндөр Орусия жарандары. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.