Кыргызстанда аялдар конгресси 25 жылдыгын белгиледи
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызстан аялдар конгресси 25 жылдык мааракесин белгилөөдө. Чейрек кылымдын аралыгында уюм айымдарды ар түрдүү кесипке окутуп, иш менен камсыз кылууда салым кошуп келген. 

Конгресс тарабынан демилгеленген ондогон долбоорлорду эл аралык уюмдар каржылаган. Мааракеге арналган салтанаттуу аземге өкмөт өкүлдөрү, чет элдик элчилер катышып, уюмдун мүчөлөрүн куттуктады.