Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик тууну кайтарган Ардактуу кароол кайра кызматка киришти
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTАла-Тоо аянтындагы Мамлекеттик желекти кайтарган Ардактуу кароол салтанаттуу түрдө кайра кызматка киришти. Тууну коргогон жоокерлердин кызматка келиши 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнүн урматына арналды. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2016-жылдын май айында тууну кайтарган жоокерлер алынган эле. 

Аталган ардактуу кароол 1998-жылы коюлган. Алар атайын бекитилген жободо көрсөтүлгөн тартип боюнча кызмат өтөшөт. Кароолдордун айтымында, Мамлекеттик тууну кайтарууну аскерге келген ар бир жоокер кыялданат.