ИИМ: кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду
Новость www.

POST1RIGHT

Бишкек - Баткен багытында учуп бара жатып, кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси: "Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана алардын техникалык бузулуулары менен пайдаланууга чыгаруу" боюнча иликтенип жатат.

POST2LEFT 

Эске салсак, 1-мартта "Тез жет" авиакомпаниясынын "Бишкек - Баткен" каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учактагы жүзгө жакын адамдын эч кими жабыркаган эмес. 

Жарандык авиация агенттиги иликтөө комиссиясын түзгөн. Кыймылдаткычы күйгөн учак Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан жана ага 99 жүргүнчү батат.