Бишкектеги кудуктун ичинен 35 жаштагы аялдын денеси табылды
Новость www

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудуктун (люк) ичинен европа түспөлүндөгү аял кишинин денеси табылды. 

Денени куткаруучулар кечээ, 4-март күнү саат 05:43 чамасында алып чыгышкан.

ӨКМ билдирген маалымат боюнча, аялдын өздүгү такталып, 1983-жылы туулган Р.Е.В. экени аныкталган. Учурда өлүмдүн себеби иликтенип жатат.